Экологияга зыяны азыраак компаниялар коомчулук тарабынан колдоого алынууда. Мындан улам "жашыл облигацияларды" чыгаруу башталды. Бул тууралуу Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган баалуу кагаздар муниципалдык бийлик үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болуп берет.
"Мамлекеттик, муниципалдык жана корпоративдик облигациялар бар. Соңку учурда дүйнөдө экологиялык көйгөйлөр курч. Ошондуктан экологияга терс таасирин аз тийгизген компанияларды коом колдоодо. Мисалы, Москва бийлиги жети жылга 70 миллиард рубль тартып, "жашыл облигацияларды" чыгарды. Ал инвестицияга электр энергиясы менен жүрүүчү коомдук транспортторду сатып алды. Экологиялык көйгөйлөр Кыргызстанда дагы жок эмес. Ошол эле борбор калаада кышкысын түтүн, ыштан аба кирдеп жатат. Мындан улам жарандар, ири фонддор экологияга терс таасирин тийгизбеген компаниялардын облигациялары болсо сатып алууга кызыкдар экенин билдиришүүдө. Ошондуктан Кыргыз фондулук биржасы "жашыл облигацияларды" чыгарууну колго алууда. Себеби бизде кайра калыбына келүүчү энергия менен иштөөгө багыт алган компаниялар арбын. Өлкөнүн бул багыттагы потенциалы дагы жогору. Долбоорду муниципалитеттер колдонсо жакшы натыйжа берет", — деди Назаралиев.
Ал "жашыл облигация" чыгарууну көздөгөн компаниялар бар экенин кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр: