Жалал-Абадда 13 жаштагы өспүрүм бала жоголду. Сүрөт

Өспүрүм Сузак районундагы чоң энесинин үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ал үч күндөн бери изделип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жалал-Абадда 13 жаштагы Жоробек Акимжанов дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Бишкекте 20 жаштагы кыз былтыртан бери изделүүдө. Сүрөтү жана белгилери
Белгилери: бою 150-155 сантиметр, ак жүздүү, чачы кыска, кара. Үстүндө боз түстөгү футболка, башында кызыл түстөгү кепка, бутунда ак түстөгү жайкы бут кийим болгон.
Акимжановду көргөн-билгендер болсо (03722) 102, 0555 10 23 05, 0771 93 60 70 номерлерине кабарлай алышат.