Юстиция министрлиги "Акысыз адвокат" программасын ишке киргизүүнү пландап жатат

Программада түз байланышка чыгып, тема боюнча суроолорду бергендердин арасынан эки-үчөө тандалып, аларга адвокаттын акысыз жардамы көрсөтүлөрү болжолдонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Юстиция министрлиги Коомдук телерадиокорпорациясы менен биргеликте "Акысыз адвокат" программасын ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Үч тараптуу келишимге министрликтин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков, Кыргызстандын адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов жана КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев кол койгон.
"Акысыз адвокат" берүүсү ушул жылдын сентябрь айынан баштап обого чыгарылары кошумчаланды.
"Түз байланышка чыгып, тандалган тема боюнча суроолорду берген көрүүчүлөрдүн арасынан эки-үчөө тандалып, аларга адвокат акысыз жардам көрсөтөрү болжолдонууда", — деп белгиленди маалыматта.
Иш кандай чечилгендиги жана жыйынтыгы тууралуу ар бир көрсөтүүдө айтылып турат.