Россия менен АКШ лидерлери бири-бирине эмне белек бергени айтылды

16-июнь күнү Жо Байден менен Владимир Путин Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, эки этап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин АКШнын лидери Жо Байденге орустун улуттук орнаменттери түшүрүлгөн жазуу шаймандарын белек кылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков билдирди.
Ал эми Байден ага белек катары авиатор формасындагы күндөн коргоочу көз айнек жана хрусталь статуэтка ала келгени белгилүү болду.
Эске салсак, 16-июнь күнү Жо Байден менен Владимир Путин Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, эки этап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.