Роналдуну тааныбай документин текшерген күзөтчү. Будапешттин стадионундагы видео

Стадиондун кызматкери атактуу португалиялык спортчуну документин алып көргөнөн кийин гана кое берген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Будапешттеги стадиондо футбол жылдызы Криштиану Роналдуну тааныбай койгон күзөтчүнүн видеосу социалдык тармактарда тарап жатат.
Роликти ESPN каналы да жарыялаган. Окуя Евро-2021де Португалия менен Венгриянын беттеши алдында болгону айтылды.
Хабиб ММА спортунда кайсы футболчу кандай ийгиликке жетерин болжоду. Видео
Видеодон күзөтчү футболчунун документтерин карап, баары дал келгенине ынангандан кийин гана кое бергени көрүнүп турат.
Роликтин алдындагы комментарийлерде атактуу футболчу тагынып жүргөн бет кабынан улам да таанылбай калганын айткандар болууда.