Муфтийликке 9 киши ат салышууда. Талапкерлердин тизмеси

Муфтий 26-июнда шайланат. Буга чейин ал кысым көрсөтүү жана коркутуулардан улам, андан кийин эпидемиологиялык абалга байланыштуу эки ирет жылып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна тогуз киши ат салышууда. Бул тууралуу Аалымдар кеңеши каттоо жана аттестациялоо комиссиясына таянып билдирди.
Муфтийликке талапкерлерди сынактан өткөрүү 24-июнда, ал эми шайлоо 26-июнда өтмөкчү.
Тандоо турунан өткөндөр:
Белгилей кетсек, муфтий 5-апрелде эле шайланмак. Бирок кысым көрсөтүү жана коркутуулардан улам 29-майга жылдырылган. Бирок анда муфтият шайлоо өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу июндун этегине жылганын билдирип, талапкерлерди кайрадан сынактан өткөрмөй болушкан.