Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата логотип даярдоого сынак жарыяланды

Мыкты деп табылган логотиптин эскизи расмий документтерде, ошондой эле ар кандай коомдук иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө пайдаланылат. Сынактын жалпы байге фонду 50 000 сомду түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата логотиптин эскизин даярдоого сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
"Сынакка профессионалдуу сүрөтчүлөр, "живопись" жана "графика" адистиги боюнча окуу жайларынын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү катыша алат. Долбоордун катышуучулары жалгыз автор же автордук коллектив болушу мүмкүн", — деди министрликтен.
Сынактын шарттары:
Сынак эки этапта жүргүзүлөт:
Сынак жашыруун түрдө жүргүзүлөт. Катышуучулардын аты-жөнү жыйынтык чыкканга чейин жарыяланбайт. Ал эми тапшырылган материалдар рецензияланбайт жана кайра кайтарылып берилбейт.
Жашына эмес, жарк эткен эмгегине карайт. Токтогул сыйлыгы тууралуу 6 факты
Мыкты деп табылган логотиптин эскизи расмий документтерде, ошондой эле ар кандай коомдук иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө пайдаланылат.
Сынактын жалпы байге фонду — 50 000 сом.
Логотиптин үлгүсү төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: 720040, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78. Улуттук маданий борбор. Телефон 66-24-04, ncc07@mail.ru