Өткөн суткада өлкөдө 784 кишиден коронавирус табылды

Бир суткада коронавирустан төрт бейтап көз жумган. Өлүм учурларынын төртөө тең Бишкек шаарында катталды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда жалпы 784 кишиден коронавирус табылып, 365 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө оору илештиргендердин жалпы саны 112 777ге жетти. Анын ичинен 103 930 бейтап дартты жеңген.
Айыккандар:
Тилекке каршы, кечээтен бери Бишкекте дарттан төрт адам көз жумган. Илдет жалпысынан 1 916 адамдын өмүрүн алды.
Азыркы тапта 2 169 бейтап стационарда дарыланып жатат. Анын ичинен 602 бейтаптын абалы оор болсо, 94 киши өтө оор абалда. Бир сутка ичинде 35 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.