Бишкекке "Спутник V" вакцинасынын 80 миң дозасы алып келинди

Жүк "Манас" аэропортуна жеткирилди. Аны Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү тосуп алды. Буга чейин министр препараттын кезектеги партиясы келерин кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкекке "Спутник V" вакцинасынын кезектеги партиясы алып келинди.
Препараттар "Манас" аэропортуна түшүрүлдү. Жүктү Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү тосуп алды.
Бишкекте коменданттык саат жарыяланабы? Мэриянын жообу
Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын экинчи партиясы алып келинерин буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабарлаган. Анын айтымында, вакцинанын бир бөлүгү гумжардам катары берилсе, бир бөлүгү сатып алынат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов дагы жакынкы аралыкта Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы, "Спутник V" препаратынын 80 миң дозасы алынарын айткан болчу.
Кыргызстанга апрель жана май айларында россиялык вакцина алып келинген. Анын саны чектелүү болгондуктан 65 жаштан жогорку курактагылар менен өнөкөт оорусу барларга колдонулган.