БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкекте пауэрлифтинг боюнча Борбор Азиянын ачык чемпионаты болорун мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Мелдеш 17-20-июнь күндөрү "Газпром" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.
Ага ар кандай жаш курактагы жана салмактагы 400дөй спортчу катышары күтүлүүдө. Пандемияга жана дистанциялардын уюштурулушуна карап спортчулар эки тайпага бөлүнгөн.
Спорттук иш-чара үчүнчү ирет болгону турат. Ал Пауэрлифтинг федерациясынын жетекчиси, Азиянын жана дүйнөнүн чемпиону Дмитрий Дороженконун демилгеси жана Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын колдоосу менен өтмөкчү.
Турнирдин жеңүүчүлөрү медаль, грамота жана баалуу белектер менен сыйланат.