Шайлоо: биометрикалык маалымат топтоо үчүн микроавтобустар иштөөдө

Атайын микроавтобустар 11-апрелде өткөн шаардык кеңештердин шайлоосуна карата иштеген кезде үч миңден ашык жаранга кызмат көрсөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкек, Ош жана Токмоктун шаардык кеңештерин шайлоо өнөктүгүнүн алдында жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо кампаниясы кайра жанданды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдиришти.
Шаардык кеңештин шайлоосу 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.
"17-21-июнь аралыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында микроавтобустар кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарын кабыл алат. Ошол эле жерден жашаган жери боюнча каттоого туруп, паспортту жаңыртууга документтерин тапшыра алышат", — дешти БШКдан.
Атайын микроавтобустар 11-апрелде өткөн шаардык кеңештердин шайлоосуна карата иштеген кезде үч миңден ашык жаран анын кызматын колдонгон. 2 329 киши биометрикалык каттоодон өтсө, 585 жаран жашаган жери боюнча катталган, дагы 183 киши паспортун алмаштырган.