БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2023-жылы өтө турчу Азия кубогунун тандоо этабында ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалымат кызматы кабарлады.
Улуттук курама команда жакында эле болгон Дүйнө чемпионатынын тандоо раундунда кийинки этапка жолдомо ала албай калган. Мындай жол менен спортчулар Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө түз кирүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышты.
Футбол союзунун маалыматына караганда, жаңы тандоо раундунда 22 курама команда ойнойт. Алар: Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кувейт, Филиппин, Иордания, Бахрейн, Палестина, Индия, Малайзия, Түркмөнстан, Мальдив, Непал, Гонконг, Афганистан, Сингапур, Монголия, Таиланд, Шри-Ланка, Мьянма, Йемен, Бангладеш. Дагы эки команда плей-офф стадиясында тандалат.
Азия кубогунун тандоо турунун плей-офф оюну 2023-жылдын 7-сентябрынан 12-октябрына чейин өтөт. Ал эми негизги раунд 2022-жылдын 1-февралында башталып, ушул эле жылдын 27-сентябрында аяктайт.
Алты тайпада төрттөн команда беттешет. Бирок коронавирус боюнча кырдаал абалды өзгөртүп коюшу ыктымал. Эми кыргызстандык курама команданын мелдешке даярданууга тогуз ай убактысы бар.