Сузакта шахта урап, ичинде калып калган эки киши көз жумду

Өрүктү тилкесинде жайгашкан шахтадагы кырсык 46 жана 44 жаштагы кишилердин өмүрүн алды. Куткаруучулар алардын сөөгүн туугандарына өткөрүп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунда шахта урап, эки киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
1 / 3
Жалал-Абаддын Сузак районунда шахта урап, эки киши көз жумду
2 / 3
Окуя кечээ 14:30дар чамасында Маркай айылынын Өрүктү тилкесинде болгон
3 / 3
Жерине барган куткаруучулар саат 16:58де шахтада калып калган 46 жана 44 жаштагы кишилердин сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп берген
Окуя кечээ 14:30дар чамасында Маркай айылынын Өрүктү тилкесинде болгон.
Жерине барган куткаруучулар саат 16:58де шахтада калып калган 46 жана 44 жаштагы кишилердин сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп берген.