Сабиз менен картошканы сыртка сатууга тыюу салынат

Өлкөдө азык-түлүк кымбаттоодо. Буга чейин министрлик башка продукциянын чет жакка сатылуусун чектөөнү сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Айыл чарба, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги сабиз менен картошканы Кыргызстандан сыртка сатууга убактылуу тыюу салат. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттикте өткөн жыйында маалым болду.
Аталган жашылчаларды сатууга тыюу кийинки жумадан тарта салынып, чектөө күзгө чейин созулушу мүмкүн.
Кыргызстан тышка сатууга тыюу сала турган азыктардын тизмеси
Кыргызстанда айыл чарба продукциясы кымбаттап жаткан учур. Ушу тапта сабиздин бир килограммы 100 сомдун тегерегинде болсо, картошка 60-70 сомдон сатылууда.
Буга чейин министрлик жарым жылга чейин бир катар азык-түлүктү сыртка сатууга тыюу салган. Мындай кадам кургакчылык сыяктуу бир катар себептерден улам жасалууда.
Фермерлер сугат суунун тартыштыгынан улам кырдаал курч экенин айтып чыгышкан. Чүй облусунда суунун жетишсиздигинен улам айдалган 100 миң гектар жердин алты миң гектары куурап кеткен. Бийлик буга мөңгүлөрдүн эрибей жатканы да себеп экенин билдирген болчу.