Путин менен Байден жолукту. Видео

Буга чейин Россия менен АКШнын президенттери Женева саммитинен кийин жолугуп бир нече маселени талкуулаша турганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин АКШ лидери Жо Байден менен жолукту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эки лидер Женеванын Ла Гранж вилласынан көрүшүп, Швейцариянын президенти Ги Пармелен менен сүрөткө түштү.
Учурда Путин менен Байден тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрүн баштады.
Буга чейин Россия менен АКШнын президенттери Женева саммитинен кийин жолугуп, анда адам укугу, Алексей Навальный жана РФте камалган америкалыктар боюнча маселени талкуулай турганы айтылган.