Путин менен Байден саат канчада жолугары айтылды

Маалыматка караганда, эки державанын лидерлеринин сүйлөшүүсү бир нече саатка уланып, эки раунддан турмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. - Sputnik. Владимир Путин менен Жо Байден бүгүн Женева шаарында жергиликтүү убакыт менен саат 13.35те (Бишкекте 17.35) жолугушат. Бул тууралуу Ак үйдүн маалыматына таянып РИА Новости жазды.
Билдирүүгө караганда, жолугушууга 10 мүнөт калганда эки лидер Швейцария президенти Ги Пармелен менен сүрөткө түшөт.
Жыйынтыгы күн мурунтан белгилүү. Женева саммитинен эмнелерди күтүп болбойт?
Байден менен Путин делегациялары жергиликтүү убакыт менен саат 15.55те кезигип, 17.40та сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду уланат.
Буга чейин Россия менен АКШнын президенттери Женева саммитинен кийин жолугуп, анда адам укугу, Алексей Навальный жана РФте камалган америкалыктар боюнча маселени талкуулай турганы айтылган.