Унаа экиге бөлүнүп кеткен. Түптөгү жол кырсык эки кишинин өмүрүн алды. Сүрөт

Айдоочу рулга ээ боло албай калган. ӨКМ тараткан сүрөттөн ал бактарды аралап кеткенин жана автоунаанын таш-талканы чыкканын байкоого болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Түп районунда Subaru Legacy В4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол кырсыгына кабылып, эки киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
1 / 2
Ысык-Көлдүн Түп районунда Subaru Legacy В4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол кырсыгына кабылып, эки киши көз жумду
2 / 2
Каргаша түнкү саат 01:00дөр чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 187-чакырымында болгон
Каргаша түнкү саат 01:00дөр чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 187-чакырымында болгон.
Дем алышта 15 киши мерт болду. Жапаров ИИМге жол кырсыгын алдын алууну тапшырды
Кырсыктын кесепетинен каза болгон 29 жана 19 жаштагы эркек кишилердин сөөгүн куткаруучулар милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Мындан сырткары, 19 жаштагы дагы бир бала жаракат алып, Тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилген.
ӨКМ тараткан сүрөттөн айдоочу бактарды аралап кеткенин жана унаа катуу талкаланып, экиге бөлүнүп кеткенин байкоого болот.