Радио

Жумабаева: аймактагы мугалимдердин деңгээлин жогорулатуу көз жаздымда калды

Кыргыз билим берүү академиясынын илим жана инновация бөлүмүнүн башчысы Дамира Жумабаева онлайн билим берүүнүн колго алынышы менен келип чыккан көйгөйлөргө токтолду.
Sputnik
Мугалимдердин, өзгөчө аймактагылардын билим деңгээлин жогорулатуу маселеси ачык турат. Бул тууралуу Дамира Жумабаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө илимге жетишерлик көңүл бурулбай жатат.
"Пандемия шартында онлайн окууну жакшыбы, жаманбы, жолго коюп алдык. Бирок бул системанын ишке кириши менен мурда көз жаздымда калып келген айрым көйгөйлөр ачыкка чыкты. Өзгөчө аймактарда мугалимдердин өз алдынча эле иштеп калышканын көрө алдык. Бизде илимдин доктору, кандидаттары жетишерлик жана алардын абдан пайдалуу, мыкты эмгектери бар. Мына ушуларды аймактардагы мугалимдерге тажрыйба жүзүндө жеткирип, алар менен жеринен биргеликте иштеп, айылдык педагогдордун билим деңгээлин жогорулатышыбыз керек. Азыр каражаттын жетишсиздигинен мындай иш-чаралар Бишкек жана Чүйдүн тегерегинде гана жүрүп калды. Аймактарга онлайн семинар, вебинарларды уюштурумуш болобуз, бирок бул жетишсиз. Алар менен айлап, көзмө-көз иштешип, үйрөтүү зарыл. Мына ошондо гана окуучулардын билим деңгээлинин түшүп кетүүсүнүн алдын ала алабыз", — деди Жумабаева.
Педагог айрым интернет жетпеген аймактарда же мугалим жаңы техниканы анча өздөштүрө албаган жерлерде балдардын билим алуусу чоң коркунучка кептелип жатканын кошумчалады.