Кыргызстан 10 жылдын ичинде органикалык өлкө болушу керек деген чечим бар. Мындай маалыматты Искендербек Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурдун талабына ылайык органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү боюнча атайын топ түзүлгөн.
"Органикалык айыл чарба биз үчүн жаңы багыт. Эгерде бул багыт системага түшпөсө сертификациялоо, фермерлерди окутууда маселе жаралат. Органикалык айыл чарбасынын өнүгүшү боюнча жаңы мыйзам кабыл алынышы керек. Бизде 2019-жылы май айында кабыл алынган мыйзам бар. Бирок учурдун талабына туура келбей калгандыгына байланыштуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинде атайын топ түзүлүп, жаңы өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Мындан тышкары, 2017-2022-жылдарга карата органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү концепциясында "Органикалык аймак" модели кирген. Бул жакта жол картасы көрсөтүлүп, кандай иретте иш жүргүзүү керектиги камтылган. Андыктан туура коюлган система керек. Мамлекет да бул идеяны колдошу керек. 10 жылда Кыргызстан органикалык мамлекет болсун деген тапшырма бар. Бул технологиянын ар бир багытын аныктап, убактысын тактап, мамлекет да фермерлерди колдоого ала баштады. Айтсак, быйыл 17-мартта өкмөттүн токтому чыгып, органикалык продукция чыгаргандарды колдоо максатында сегиз пайыздык насыя бериле баштады", — деди Айдаралиев.
Ошондой эле адис айыл чарбасында сертификациялоо, фермерлерди окутуу боюнча маселелер толук чечилиши керектигин кошумчалады.