COVID жуктургандар айыккандардан эки эсе көп. Көңүл чөгөргөн статистика

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 111 990го жетти. Анын ичинен 103 565и дартты жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 647 кишиден катталып, 308 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 111 990го жетти. Анын ичинен 103 565и дартты жеңген. 
Айыккандар:
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 49 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Алар:
Тилекке каршы, бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан жети бейтап көз жумган. Анын экөө Бишкекте, экөө Жалал-Абадда, бирден киши Ош, Чүй облустарында жана Ош шаарында катталган. Муну менен коронавирус жалпы 1 912 адамдын өмүрүн алды.
Стационарларда 2 145 адам дарыланып жатат. Алардын 587си оор абалда болсо, 97 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.