Бишкекте өтө турган түнкү марафондун программасы жарыяланды

Быйыл Toyboss Night Run 2021 жарышы 19-июнь күнү болот. Бул жолу ага эки миңдей катышуучу келери күтүлүүдө. Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкекте 19-июнь күнү өтүүчү Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону бардык санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруу тобунан кабарлашты.
Бишкекте 19-июнь күнү өтүүчү Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону бардык санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлөт
Маалыматка караганда, катышуучулардын ар бири бет кап тагынып, социалдык аралыкты сакташы керек.
"Ошондой эле катышуучулар старттан маал-маалы менен кетирилет. Кийин ар биринин жыйынтыгы My laps чип-системасы аркылуу индивидуалдуу түрдө эсептелет", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, акыркы күндөрү өлкө аймагында коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал курчуп турат. Күн сайын вирус жугузгандардын саны 500дүн тегерегинде болууда.
Мындан тышкары, уюштуруучулар марафондун программасын жарыялады:
Быйыл Toyboss Night Run 2021 жарышы 19-июнь күнү болот. Аны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда. Баш калаада жарыш үчүнчү ирет өткөнү жатат. Бул жолу ага эки миңдей катышуучу келери күтүлүүдө. Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт.