Бишкек мэриясы кафе-ресторандардын ишине чектөө киргизди

Борбор калаада эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бишкек шаары ушул тапта "кызыл” зонада турат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Эртең, 17-июндан тарта, Бишкектеги түнкү клуб, кафе, ресторан, караоке, бар сыяктуу көңүл ачуучу жайлардын ишине чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу социалдык маселелер боюнча шаар жетекчисинин орун басары Виктория Мозгачеванын жетекчилигинин алдында болгон эпидемиологиялык абал боюнча жыйында белгилүү болду.
Мэриянын маалыматына караганда, буга шаарда коронавирус инфекциясына карата абалдын оор болуп турганы себеп болууда.
“Бишкекте көңүл ачуу жайлар саат 23.00дөн 07.00гө чейин жабылышы керек. Бирок тамак жеткирип берүү кызматтары мурдагыдай тартипте эле иштей берет. Мындай чектөөлөр абал жакшырганга чейин сакталат”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле коомдук транспортто дезинфекциялоо иштери, санитардык нормалардын сакталып жатышы боюнча рейддерди күчөтүү сунушталды.
Эске салсак, борбор калаада эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бишкек шаары ушул тапта "кызыл” зонада турат.