Окумуштуулар COVID Кытайдан биринчи АКШда пайда болгонун божомолдошууда

Изилдөөнүн жыйынтыгында илимпоздор АКШ калкынын кайсы бир бөлүгүндө антитело январдын башында пайда болгон деген тыянак чыгарышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Коронавирус жуктурган алгачкы учур АКШда 2019-жылдын декабрь айында катталган. Буга аталган өлкөдө кандын үлгүлөрүнөн алынган изилдөөнүн жыйынтыгы далил болгонун РИА Новости Саламаттык сактоо улуттук институтуна таянып жазды.
"Отчёттун жыйынтыгы SARS-CoV-2 инфекциясы АКШда биз болжолдогондон да эрте пайда болгонун айгинелеп жатат", — деп айтылат маалыматта.
COVID изилденбесе адамзат башка коркунучка кабылат. Илимпоздун эскертүүсү
Билдирмеге караганда, окумуштуулар кандын 24 миң үлгүсүн изилдеп чыгышкан. Ал үлгүлөр 2020-жылдын 2-январынан 18-мартына чейин 50 штаттын жашоочуларынын чогултулган канынан алынган. Изилдөөнүн жыйынтыгында илимпоздор АКШ калкынын кайсы бир бөлүгүндө антитело январдын башында пайда болгон деген тыянак чыгарышкан. Белгилей кетсек, 2020-жылдын башында АКШда коронавирус расмий түрдө каттала элек болчу.
Буга чейин 2020-жылдын декабрь айында америкалык Clinical Infectious Diseases журналы ушул сыяктуу изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялаган. Анда АКШнын тургундарынын айрымдарынан коронавирус Кытайда оору пайда болгонго чейин аныкталганы айтылган.