Жаш боксчулар Казакстандагы турнирден 8 медаль алып келди. Сүрөт

Коңшу мамлекетте болгон турнирде кыргызстандык боксчулар үч алтын, эки күмүш жана үч коло алышкан. Спорттук иш-чара Актөбө шаарында өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Өлкөнүн бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасы Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште сегиз медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Өлкөнүн бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасы Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште сегиз медаль жеңди
Мелдеш 8-13-июнь күндөрү Актөбө шаарында өткөн. Анда кыргызстандык боксчулар үч алтын, эки күмүш жана үч коло алды.
Биринчи орунга Бекзат Эргешов (46 кг), Алмаз Орозбеков (60 кг) жана Мухаммадазиз Закиров (70 кг чейин) татыган. Экинчини Ислам Имамидинов (54 кг) менен Вадим Баурин ( 66 кг), үчүнчүнү Баястан Токтосунов (50 кг), Бексултан Бактыбек уулу (52 кг) жана Асанбеков Атай (75 кг чейин) алган.