Жапаров Балыкчы — Барскоон жолунун курулушун баштоону тапшырды

Балыкчы-Барскоон жолунун заманбап болуп курулушу Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы туризм тармагын өнүктүрүүгө чоң түрткү берери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине "Кумтөр Голд Компани" менен биргеликте Балыкчы — Барскоон жолунун курулушун баштоону тапшырды.
Президенттин маалымат кызматы бул туурасында "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын эмгек жамааты менен сүйлөшүп жатканда айткандыгын кабарлады.
"Мамлекет башчы автоунаалардын үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүшү үчүн зарыл болгон заманбап стандарттарга жана талаптарга жооп берген кең тилкелүү жана сапаттуу жол куруунун маанилүүлүгүн белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Бийлик Бишкек—Кара-Балта жолу качан оңдолуп бүтөрүн айтты
Быйыл даярдык иш-чаралары жана курулуш иштери башталат деп болжолдонуп, күзгө чейин автожолдун бир катар тилкелерине асфальт төшөө, ал эми курулуш иштерин 2022-жылдын жаз мезгилинде улантуу пландалганы кабарланды.
Жапаров учурдагы автожол эгемендүүлүк жылдарынан бери оңдолбой келе жаткандыгын, ошондой эле жолдун кууш экенин айткан.
Президент ишенимдүү жана заманбап транспорттук инфраструктураны жолго коюу аймактын экономикалык абалынын чыңдалышына, анын ичинде Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы туризм тармагын өнүктүрүүгө чоң түрткү берерин баса белгилеген.