Шаршембиге карата аба ырайы

16-июнга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарында +18…23 градуска ысыйт.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +30…+32, Ош шаарында +33…+35 градусту көрсөтөт.