Президент Жапаров: "Кумтөрдүн" эсебинен Нарын өнүктүрүү фонду түзүлөт

Президент Кумтөр кенинде мындан ары экология менен айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине чоң көңүл бурула тургандыгын баса белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. "Кумтөр Голд Компани" ЖАКнын эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фондун түзүү боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдиргенин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жапаров бүгүн, 15-июнда, Кумтөр кенинин иши менен таанышуу үчүн Ысык-Көлгө барды.
40 млн. долларлык киреше... Садыр Жапаров Кумтөр кенине барды
Мамлекет башчысы компаниянын эмгек жамаатын өлкө элинин кызыкчылыгы үчүн чын дилден жана абийирдүүлүк менен иштөөгө үндөдү.
Кумтөр кенинде мындан ары экология менен айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине чоң көңүл бурула тургандыгын баса белгиледи. Ошондой эле ал "Кумтөр Голд Компани" ЖАКнын эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фондун түзүү боюнча чечим кабыл алынгандыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров кен толугу менен Кыргызстандын кызыкчылыгына иштеп баштагандыгы үчүн компаниянын бардык кызматкерлерин ишкананын мүлкүнө аяр мамиле жасоого чакырды.