Үстүбүздөгү жылдагы беш айдын жыйынтыгы менен өрт кырсыктары 49,7 пайызга өстү. Жалпы өрт кырсыгынын 66 пайызы турак жайларда катталып жатат. Мунун негизги себептери — электр жабдууларын колдонуу эрежелерин сактабагандык жана балдарды кароосуз калтыруунун кесепети. Бул тууралуу Аман Курманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Экотехинспекция, Өрт өчүрүү кызматы айлык, жылдык планга жараша тилсиз жоону алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат.
"Советтер Союзу мезгилинде 17-апрелде өрт өчүрүүчүлөр күнү белгиленчү. Эгемендүүлүктү алгандан кийин 15-июнь өрт өчүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамы катары 1994-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген. Ал эми 1926-жылы ушул күнү Фрунзе шаардык кеңешинин чечими менен эң алгачкы Өрт өчүрүү кызматынын тобу түзүлгөн. Быйыл биздин кызматка 95 жыл толду. Ар бир шаарда бирден, ал эми Бишкек, Ош сыяктуу калкы көп калааларда эки-үчтөн өрткө каршы куткаруу бөлүмдөрү бар. Учурда биздин кызматтын техникалык мүмкүнчүлүктөрү жакшы. Деген менен дагы деле кемчиликтер жок эмес. Азыр көп кабаттуу үйлөр өтө бийик, жер төлөлөрү эки-үч кабат болуп салынып жатат. Учурда өрт өчүрүү кызматында 50 метрге гана жеткидей эки автошаты бар. Министрлик техниканы жаңылоо боюнча чоң иш-аракеттерди жасап жатат. Жылдын аягына чейин жаңы жабдуулар менен камсыз болобуз деп турабыз", — деди Курманалиев.
Полковник өрт кырсыктарын болтурбоо үчүн ар бир жаран өрт коопсуздугунун эрежелерин сактап, жоопкерчиликтүү болушу керектигин кошумчалады.