Үчүнчү толкун башталуудабы? Министрлик ыктыярчылар үчүн портал иштетти

Электрондук портал эл менен байланышты ыраатка келтирүү жана иштеп жаткан ыктыярчыларды окутуу максатын көздөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги "Соцсервис" мамлекеттик ишканасынын колдоосу менен COVID-19га каршы күрөшүүгө ыктыярчы болууну каалаган адамдар жана уюмдар үчүн электрондук порталды ишке киргизди.
Ресурска dobro.med.kg шилтемеси аркылуу кирүүгө болот. Портал эл менен байланышты ыраатка келтирүү жана иштеп жаткан ыктыярчыларды окутуу максатын көздөйт.
"Учурда Кыргызстанда COVID-19дун үчүнчү толкуну башталып келе жатат, Бишкек менен Ош шаарлары "кызыл" зонада. Бардык облустарда оорунун күчөп жатканы байкалууда", — деп айтылат маалыматта.
Электрондук порталдын функциялары: