Кыргызстандын футболчу кыздары тажикстандык атаандаштарын утуп алды. Видео

Душанбеде өтүп жаткан турнирге беш команда катышып жатат. Эки оюндан кийин өлкөнүн курама командасы үчүнчү орунда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасы тажикстандык атаандашын 3:0 эсеби менен утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Бир топту Татьяна Казначеева киргизсе, эки гол Адинай Дүйшөбаевага таандык.
Бүгүн Кыргызстан менен Япониянын футболчулары беттешет. Көрсөтө турган каналдар
Ушу тапта кыргызстандык футболчу кыздар эки оюндун жыйынтыгы менен үчүнчү орунда турат. Буга чейин Өзбекстандын командасына 3:1 эсеби менен утулуп калган.