Бүгүн Кыргызстан менен Япониянын футболчулары беттешет. Көрсөтө турган каналдар

Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:25те көрсөтүлөт. Түз эфирди жергиликтүү эки телеканалдан жана бир платформадан табууга болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Япониянын спортчулары менен мелдешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Футбол: Кыргызстан Мьянманын дарбазасына киргизген голдордун видеосу
Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:25те көрсөтүлөт. Түз эфирди жергиликтүү КТРК Sport, Kyrgyz Sport TV каналдарынан жана Sportrecs платформасынан табууга болот. Акыркы платформа Кыргызстандын аймагында гана жеткиликтүү.
Буга чейин курама команда Японияда эки беттеш өткөрүп, биринчисинде Монголиядан утулуп калса, экинчиде Мьянманы ири эсеп менен жеңген.