БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. 2021-жылдын 14-июнунан тарта чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту (биометрикалык — ред.) Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен ала алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматы 2020-жылкы үлгүдөгү биометрикалык жалпы жарандык паспортторду кыргызстандыктарга ушул жылдын 27-майынан тарта бере баштаган.