Кыргызстандан Кувейтке эми түз учууга болот. Убактысы

Туруктуу каттам жумасына эки жолу, тагыраагы, шаршемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт. Рейстерди Кувейттин Jazeera Airways авиакомпаниясы аткармакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. 23 июндан тартып Кувейт — Бишкек — Кувейт багытындагы жаңы туруктуу аба каттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Бул аба каттамды Кувейттин Jazeera Airways авиакомпаниясы аткармакчы.
Туруктуу рейс жумасына эки жолу, тагыраагы, шаршемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.
Учуу убактысы 3 саат 35 мүнөттү түзөт.