Кыйын оюн болду. Кыргызстандын футболчулары Японияга утулуп калды

Атаандаш тараптын дарбазасына жалгыз топту Мирлан Мурзаев киргизе алды. Командалар дүйнө чемпионатына тандап алуу турниринин алкагында жолугушту.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Японияга 5:1 эсеби менен утулду.
Оюн Япониянын Суйта шаарынын Panasonic стадионунда өттү.
Кыргызстандын футболчу кыздары тажикстандык атаандаштарын утуп алды. Видео
Мелдештин биринчи бөлүгү 1:3 эсеби менен аяктап, жалгыз голду Мирлан Мурзаев киргизген.
Экинчи бөлүктө Япония курама команданын дарбазасына дагы эки топ киргизгенге үлгүрдү.
Командалар дүйнө чемпионатына тандап алуу турниринин алкагында жолугушту. Бул азыркы этаптагы акыркы оюн болуп эсептелет. Буга чейин Кыргызстан Монголиядан утулса, Мьянманы ири эсеп менен жеңген.