11 батир, 7 жер тилке... Бишкектин экс-вице-мэри мыйзамсыз байыган деп шектелүүдө

Мурдагы вице-мэр кызматта турган учурда жеке курулуш компанияларга көп кабаттуу турак жай куруу үчүн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри мыйзамсыз байыган деп шектелип жатат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
1 / 5
Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри мыйзамсыз байыган деп шектелип жатат
2 / 5
Маалыматка караганда, шаар жетекчисинин А.У.Ш. аттуу мурдагы орун басары жеке курулуш компанияларга элиталык көп кабаттуу турак жайларды куруу үчүн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган
3 / 5
Натыйжада экс-вице-мэрдин жакын туугандарынын кирешеси кескин көбөйүп, 100 миллион сомдон ашык суммага бааланган
4 / 5
Учурда мыйзамсыз алынган мүлктүн баарын аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатканы айтылды
5 / 5
А.У.Ш. деп берилген инициалдар Шаар куруу жана архитектура департаментинин суроолору боюнча вице-мэр болуп 2019-2020-жылдары иштеген Азыгалиев Уланбек Шайлообековичтин аты-жөнүнө туура келүүдө
Маалыматка караганда, шаар жетекчисинин А.У.Ш. аттуу мурдагы орун басары жеке курулуш компанияларга элиталык көп кабаттуу турак жайларды куруу үчүн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган.
"Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында А.У.Ш. жакын туугандарына Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда 7 жер тилке, 11 кызматтык жай, 4 турак жай, 11 батир жана 10 унаа токтотуучу жай, Ысык-Көл облусунда 2 коттедж жана 5 кымбат баалуу унааны өзүнө тиешелүү адамдарга каттаткан", — деп айтылат маалыматта.
Пачка-пачка доллар, алтын буюмдар. Бажычынын үйүн, кабинетин тинткен видео
Натыйжада экс-вице-мэрдин жакын туугандарынын кирешеси кескин көбөйүп, 100 миллион сомдон ашык суммага бааланган.
Учурда мыйзамсыз алынган мүлктүн баарын аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатканы айтылды.
А.У.Ш. деп берилген инициалдар Шаар куруу жана архитектура департаментинин суроолору боюнча вице-мэр болуп 2019-2020-жылдары иштеген Азыгалиев Уланбек Шайлообековичтин аты-жөнүнө туура келүүдө.