Бийлик өкүлдөрү суу эмнеге кескин азайып кеткенин түшүндүрдү

Бүгүн Айыл чарба министрлиги пресс-тур уюштуруп, суунун азайып жаткан себебин түшүндүрүп берип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Азыркы тапта эгин талаасына суу жетпей жатышынын бирден-бир себеби — мөңгүлөр эрибей жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары агенттигинин Аламүдүн райондук башкармалыгынын жетекчиси Максатбек Бозов билдирди.
1 / 3
Азыркы тапта эгин талаасына суу жетпей жатышынын бирден-бир себеби — мөңгүлөр эрибей жатат
2 / 3
Бүгүн Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Чүй облусуна пресс-тур уюштуруп, суу тартыштыгы эмнеден жаралып жатканын түшүндүрүүдө
3 / 3
Анын айтымында, соңку төрт-беш күндөн бери күн салкындагандыктан мөңгүлөр эрибей калды
Бүгүн Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Чүй облусуна пресс-тур уюштуруп, суу тартыштыгы эмнеден жаралып жатканын түшүндүрүүдө.
Анын айтымында, соңку төрт-беш күндөн бери күн салкындагандыктан мөңгүлөр эрибей калды.
"Негизи Аламүдүн дарыясынын суу топтоочу жерине жай мезгилинде секундасына 9 куб метр суу агып кирип турса дыйкандарга кенен жетмек. Бирок азыр 2,4 куб метрге чейин түшүп кетти. Мурунку жумада жакшы эле келип жаткан, күн салкындагандан кийин мөңгүлөр эрибей суу кайра азая түштү. Эки күн мурун тоолорго кар жааптыр. Негизи эле быйыл суу тартыш, кышта тоолорго кар аз түшүп, жамгыр да жаабай жатат", — деди Бозов.
Андан соң ал Ала-Арча дарыясынын башкы суу бөлүштүрүүчү жайын көрсөттү. Мында суунун 60 пайызы Сокулук, 40 пайызы Аламүдүн районуна берилет.
Башкы бөлүштүрүүчү жайдын башчысы Абдрахман Жумашев быйыл суу орточо нормадан 2,5 эсеге аз экенин билдирди.
Кыргызстан Казакстанга эмнеге кошумча суу берип жатат? Түшүндүрмө
Ал жерде Аламүдүндүн Байтик айыл өкмөтүнөн келген дыйкандарды дагы кезиктирдик. Суу жетпей жатканына тынчсызданып, дагы 15 күн турса бир жылдык мээнети текке кетиши мүмкүндүгүн айтышты. Ансыз да азык-түлүк жана тоюттун баасы кымбаттап жатканда мындай чыгым чоң сокку болору айтылды.
Суу ресурстары агенттигинин директору Алмазбек Сокеев буга тез арада чара көрүү мүмкүн эместигин айтат. Себеби бул адамдык фактор эмес, табияттын кубулушу деген пикирде. Ошондой эле ал жыл сайын эле 1-июлдан тарта мөңгүлөр эрип, суунун агымы көбөйөрүн кошумчалады. Андыктан дарыялар куурап калышы мүмкүн деген божомолду четке кагат.