Баткенде оорукана кызматкерлерине компенсация мыйзамсыз төлөнгөнү аныкталды

Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткендеги оорукананын кызматкерлерине 545 480 сом ашыкча компенсация төлөнүп берилгендиги аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Баткен облусунда COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн бөлүнгөн каражат мыйзамсыз сарпталганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облустук биргелешкен оорукананын аппаратынын кызматкерлерине 545 480 сом ашыкча компенсация төлөнүп берилгендиги аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокурордук акт келтирилип, аны кароонун негизинде 545 480 сом мамлекеттин эсебине кайтарылган.