УКМК: жасалма диплом колдонуп жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты аныкталды

Депутат 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Ал билим алуу акысын төлөбөй койгону үчүн четтетилген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин З.Т.З. аттуу депутаты жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдаланып жүргөнүн аныктаганын билдирди.
1 / 3
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин З.Т.З. аттуу депутаты жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдаланып жүргөнүн аныктаганын билдирди
2 / 3
Маалыматка караганда, УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты, мурдагы вице-спикер З.Т.З. жасалма диплом колдонуп жүргөнү аныкталган
3 / 3
Мындан ташкары, Жусуп Баласагын атындагы КУУдан УКМКга З.Т.З университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок экенин жана анын дипломунда көрсөтүлгөн номер башка жаранга берилгенин билдиришкен
Маалыматка караганда, УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты, мурдагы вице-спикер З.Т.З. жасалма диплом колдонуп жүргөнү аныкталган.
"Ал 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылышынын себеби — билим алуу үчүн акыны төлөгөн эмес. ЖКнын депутаты жасалма дипломду экинчи жогорку билим алуу үчүн, активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде дагы колдонгон", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Мындан ташкары, Жусуп Баласагын атындагы КУУдан УКМКга З.Т.З университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок экенин жана анын дипломунда көрсөтүлгөн номер башка жаранга берилгенин билдиришкен.
Белгилей кетсек, бул инициалдар ЖК депутаты, учурда УКМКнын тергөө абагында кармалып турган Төрөбай Зулпукаровго туура келүүдө. Ал Кумтөр иши боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") негизинде шектелип жатат.