Сокулукта жоголгон 17 жаштагы кыз табылды

Өспүрүм буга чейин да үйүнөн качып кетип, милиция кызматкерлери кайтарганы айтылган. Бул жолу ал курбусунун үйүнөн табылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Сокулукта 19-май күнү жоголуп кеткен 17 жаштагы Айжанат табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.
Сокулукта 19-май күнү жоголуп кеткен 17 жаштагы Айжанат табылды
Кыз Новопавловкадагы Алтын-Ордо калктуу конушундагы үйүнөн 19-майда чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Өспүрүм буга чейин да үйүнөн качып кетип, милиция кызматкерлери кайра кайтарышканы айтылган.
Бул жолу Сокулук райондук милициясынын кызматкерлери кызды Бишкектеги жаңы конуштардын биринен тапкан. Ал ушул күнгө чейин курбусунун үйүндө болгону аныкталган.