ЖМК: Сауд Аравиясы быйыл да ажылыкка чет жактан эч кимди кабыл албайт

Бул жылы ажылык 17-22-июлга белгиленген. Бирок коронавирустун күчөп жатышы чет элдиктердин катышуусуна тоскоол болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Быйыл Сауд Аравиясы ажылыкка өлкө аймагында жашаган өз жарандары менен чет элдиктерди гана кабыл алат. Бирок алардын саны чектелүү болорун Сауд жаңылыктар агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Ажылык жана умра министрлиги 2021-жылы саны 60 миңден ашпаган, падышалыктын аймагында жашаган мусулмандарды гана кабыл алат. Буга коронавирус пандемиясы мизин кайтарбай жатканы себеп болууда", — деп айтылат кабарда.
Бул жылы ажылык 17-22-июлга белгиленген.
Былтыр дагы коронавирус пандемиясына байланыштуу ажылыкка чет элдиктер бара алган эмес. Быйыл умрага (кичи ажылык) бир топ чектөөлөр коюлган. Тагыраагы, ага Орозо айында вакцина алган же ооруп айыккан гана адамдардын баруусуна уруксат берилген болчу