Жалал-Абаддын аймагында сууга чөккөн үч киши изделип, биринин сөөгү табылды

Сууга түшүп кеткендердин бири 11 жаштагы бала. Ал тоого мал айдап бара жатканда минген аты көпүрөдөн үркүп кетип, аны менен кошо сууга кулаган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Аксы жана Базар-Коргон райондорунда сууга чөгүп кеткен үч киши изделип, биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Түптө суудан кызын куткарам деген киши кошо чөгүп кетти
Мурдагы күнү, 12-июнда, Аксынын Кызыл-Туу айыл аймагындагы Туюк-Көл көлүнө 29 жаштагы киши чөгүп кеткен. Аны издөөгө кечээ сегиз куткаруучу, эки милиционер, төрт тургун жана Сары-Челек коругунан 12 кызматкер тартылып, саат 16:00дө маркумдун сөөгүн табышкан.
Ал эми 24-май күнү Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Желе-Терек тилкесинде жайлоого мал айдап бара жаткан 11 жаштагы баланын аты үркүп кетип, аны кошо менен мал өтүүчү көпүрөдөн сууга кулаган. Ошондон берки издөө иштери натыйжа бере элек.