Ноокаттагы жол кырсык. Кечээ каза болгондордон башка дагы үч бала көз жумду

Каргаша кечээ түшкө жуук болуп, үч киши ошол жерден көз жумса, бүгүн ооруканадан дагы үчөө каза тапты. Алар — 15, 5 жаштагы жана быйыл жарыкка келген балдар.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Оштун Ноокат районунда жеңил унаалардын кагылышуусунда дагы үч киши көз жумганын ӨКМ билдирди.
Эске сала кетсек, кечээ, 13-июнь күнү, саат 11:35тер чамасында Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 23-чакырымында Honda Fit жана Daewoo Matiz автоунаалары сүзүшүп, эки киши жана бир жаш бала ошол жерден көз жумган.
Бүгүн ооруканадан дагы үч кишинин каза тапканы белгилүү болду. Алар — 15, 5 жаштагы жана быйыл төрөлгөн балдар.
Мындан сырткары, алты киши жабыркап Ош шаардык ооруканасына жиберилген. Алар 17 (экөө), 16, 15, 7 жана 3 жаштагы балдар.
Жол кырсыгы катталган жерге куткаруучулар, милиционерлер жана медиктер тартылып, тиешелүү жардам көрсөтүшкөн.