Радио

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков соңку учурда манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилгенин белгиледи.
Sputnik
Манасчылык мектебин ачуу менен эпостогу коошпостуктар жөнгө салынат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин манасчылык боюнча жалгыз Тыныбек Жапый уулунун гана мектеби болгон.
"Мектептерде "Манас таануу" сабагы кирип жатканына карабастан манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилди. Тарыхта манасчылык боюнча бир эле мектеп болгон. Ал чоң манасчы Тыныбек Жапый уулунуку. Маселен, Сагынбай Орозбаков, Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахманов), Молдобасан Бусурманкулов, Байбагыш, Деңизбай сындуу залкар манасчылар ошол мектептен өткөндүктөн, алардын "Манасында" эпостун окуясы системалуу түрдө, иреттүү, көркөм берилген. Мектептен таалим алгандар менен андан өтпөгөн манасчылардын варианты кескин айырмаланат. Бул манасчылык деңгээлдин көтөрүлүшүнө таасирин тийгизип, кийинки муунга көркөм, бай варианттагы эпосту калтырат. Албетте, ар кимдин өзүнүн варианты бар. Маселен "Манастын" — 80, "Семетейдин" 50гө чукул, "Сейтектин" 23төй варианты айтылып жүрөт. Ушулардын ар биринин сюжетинде айырмачылык бар. Эл кайсынысын кабылдап, кимисиникин туура деши керек? Бул бир мектептен окубагандыктан улам келип чыгууда. Мына ушул кемчиликти жоюп, системалуу түрдө иш алып баруу үчүн манасчылык мектебин ачуу мерчемделүүдө", — деди Талантбеков.
Ошондой эле мектептен окууну каалагандар азыртадан даярдык көрүп баштоосу керектигин кошумчалады.