459 кишиден вирус табылды, 700гө жакын бейтап оор абалда. COVID статистикасы

Стационарларда 2 041 адам дарыланып жатат. Алардын 582си оор абалда болсо, 96 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 459 кишиден катталып, 257 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 110 829га жетти. Анын ичинен 102 890ну дартты жеңген.
Айыккандар:
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Алар:
Тилекке каршы, бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан тогуз бейтап көз жумган. Анын алтоо Бишкекте, бирден киши Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарында катталган. Муну менен коронавирус жалпы 1 899 адамдын өмүрүн алды.
Стационарларда 2 041 адам дарыланып жатат. Алардын 582си оор абалда болсо, 96 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.