Россиядагы Гамалея борбору сентябрда балдар үчүн вакцина чыгарууну пландоодо

"Спутник V" вакцинасын ойлоп табуучулардын бири балдарды эмдөө күздө жүргүзүлөрүн айткан. Бирок кичинекейлер албай турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россиянын Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунун жетекчиси Александр Гинцбург президент Владимир Путинге балдарды коронавирустан коргогон вакцина ушул жылы сентябрда иштелип чыгарын убадалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Гинцбург менен Путин Кремлде мамлекеттик сыйлыктар тапшырылгандан кийин жолуккан. Ага сыйлык "Спутник V" вакцинасын ойлоп табуучулардын бири катары тапшырылган. Ошол убакта президент балдар качан эмделип баштаарын сураган.
"1-сентябрь болбосо да 15-сентябрларда даяр болуп калат деп жатабыз. Бирок сентябрь ичи сөзсүз чыгып, каттоого алынат. Ага чейинки тиешелүү процедураларды тездетүүдөбүз", — деп жооп берген Гинцбург.
Ошол эле учурда препаратта балдардын жашына байланыштуу чектөөлөр болорун айткан. Тагыраагы, ымыркайларга дары сайылбайт.