Россияда Айтматов атындагы эл аралык көк бөрү мелдеши башталды

Турнирге Россиянын Подольск, Иркутск жана Москва облустарынын, ал эми Кыргызстандан "Атуул" командалары катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Көк бөрү улуттук федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2
Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш башталды
2 / 2
Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп жатат. Ага Россиянын Подольск, Иркутск жана Москва облустарынын, ал эми Кыргызстандан "Атуул" командалары катышууда.
Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп жатат. Ага Россиянын Подольск, Иркутск жана Москва облустарынын, ал эми Кыргызстандан "Атуул" командалары катышууда.
Көк бөрү федерациясы евразиялык спортчуларды Ысык-Көл оюндарына чакырды
Белгилей кетсек, спорттук иш-чара Россия жана Евразия элдеринин "Русский мир" дене тарбия фестивалынын алкагында өткөрүлөт. Аны Спортту жана тынчтык маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча региондор аралык коомдук фонду, Россиянын Элдер ассамблеясы жана Кыргызстандын Көк бөрү улуттук федерациясы уюштурууда.
Мелдеш Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын эрежеси менен өтөрү айтылды.
Жеңүүчүлөр Чыңгыз Айтматов атындагы кубок жана уюштуруу комитетинин белектери менен сыйланат. Ал эми катышуучуларга эстелик белек берилет.