Ноокаттагы жол кырсык эки киши менен бир жаш баланын өмүрүн алды. Сүрөт, видео

Каза болгондордон тышкары эки киши катуу жабыркап, тез жардам унаасы менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Каргаша бүгүн болду.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Оштун Ноокат районунда эки жеңил автоунаа кагылышып, үч киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Окуя бүгүн Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 22-чакырымында болуп, Honda Fit жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
"Кырсыктын кесепетинен бир аял, бир эркек жана бир жаш бала көз жумду. Андан сырткары, эки эркек киши оор жаракат алып, Тез жардам кызматынын унаасы менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Каргаша болгон жерге тартылган куткаруучулар каза болгондорду унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Окуя бүгүн Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 22-чакырымында болуп, Honda Fit жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн