9 киши каза таап, 600дөн ашыгы оор абалда жатат. COVID статистикасы

Бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан тогуз бейтап көз жумган. Анын бешөө Бишкекте, экиден киши Ысык-Көл менен Чүй облустарында катталды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 558 кишиден катталып, 319 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 110 370ке жетти. Анын ичинен 102 633ү дартты жеңген.
Айыккандар:
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Алар:
Тилекке каршы, бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан тогуз бейтап көз жумган. Анын бешөө Бишкекте, экиден киши Ысык-Көл менен Чүй облустарында катталган. Муну менен коронавирус жалпы 1 890 адамдын өмүрүн алды.
Стационарларда 1 976 адам дарыланып жатат. Алардын 579у оор абалда болсо, 85 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.