Июндун аягында кыргызстандыктар жылдыз жааган түнгө күбө болот

Адатта бул түнү жылдыздардын учуусу анча көп болбойт. Анткен менен бир эле мүнөт ичинде 100дөн ашык кыймыл-аракет болгон учурлар дагы катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. 28-июнга караган түнү Июнь Боотиддеринин метеордук агымы өзүнүн жогорку чегине жетет. Бул тууралуу Москва планетарийинен кабарлашты.
360°. РФ окумуштуулары космостун интерактивдүү картасын түзүп чыгышты
Жылдыздардын акыркы активдүү учканы 1998 жана 2004-жылдары байкалган. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Боотиддер атмосфера аркылуу өтүп бара жатып жарылып, жарык чыгарган учурлар дагы болот.
Июнь Боотиддери — жылдыздардын 1916-жылы ачылган агымы. Жыл сайын 26-июндан 2-июлга чейин байкалат.