Кыргызстанда канча ишкана жана бизнесмен бар? Статистикалык маалымат

Өлкөдөгү компаниялардын 94 пайызы чакан ишкана, анын ичинен 60 пайызы Бишкек шаарында жайгашканы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Өлкө аймагында 12 миңге жакын ишкана иштейт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети үстүбүздөгү жылдын январь-март айларына карата чыгарган маалыматында жазылган.
Аталган компаниялардын 94 пайызы чакан ишкана, анын ичинен 60 пайызы Бишкек шаарында жайгашкан.
Чүйдө жакында электробустар чыга баштайт. Сүрөттөр
Ал эми 423 миңге жакын жеке ишкер ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет, бул өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу эки пайызга өскөн.
Аны менен катар чакан жана орто ишканаларда 78 миңден ашык адам эмгектенери, бул өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу 3 пайызга көп.
Бул субъектилер тарабынан өндүрүлгөн товардын наркы 38,2 миллиард сомду түздү.